> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги ЮНИСЕФ менен балдарды социалдык коргоо маселесин талкуулады
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/25/emghiek-ministrlighi-iunisief-mienien-baldardy-sotsialdyk-korghoo-masieliesin-talkuulady/
- Published: 2026-02-25T12:34:28.000Z
- Updated: 2026-02-25T12:34:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин биринчи орун басары К. С. Досматов ЮНИСЕФтин өкүлүнүн орун басары Анна Даутович менен жолугушту. Анда оор турмуштук кырдаалда турган балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү маселелери каралды.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда мамлекеттик жөлөкпулдар системасын өркүндөтүү жана социалдык колдоонун сапатын жогорулатуу талкууланды. Ошондой эле жаңы киргизилген 550 социалдык кызматкердин милдеттери аныкталып, алардын иши балдарды коргоого, үй-бүлөлөрдү коштоого жана мекемелер аралык координацияны камсыздоого багытталаары белгиленди.

Тараптар балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттенүү планын талкуулап, кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.

> Жолугушуунун соңунда К. С. Досматов ЮНИСЕФтин Балдарды коргоо жана социалдык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сильви Хиллге балдарды коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык тапшырды.