> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарында ата-энесинен ажыраган 5 балага жер тилкеси берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/25/narynda-ata-eniesinien-azhyraghan-5-balagha-zhier-tilkiesi-bierildi/
- Published: 2026-02-25T11:18:00.000Z
- Updated: 2026-02-25T11:17:59.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунда прокуратура органдары жүргүзгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгында ата-энесинен ажыраган жетим балдардын турак жай куруу үчүн жер тилкесин кезексиз алуу укуктары калыбына келтирилди.** 

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде ата-энесинин камкордугусуз калган 5 өспүрүмгө турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилип, тиешелүү укук тастыктоочу документтери даярдалды.

> Прокуратура органдары ата-энесинин камкордугунан ажыраган балдардын мыйзам менен кепилденген укуктарын коргоо багытындагы иштерди мындан ары да уланта турганын билдирди.