> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргондо 7,8 млн сомдук жер муниципалдык менчикке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/26/bazar-korghondo-7-8-mln-somduk-zhier-munitsipaldyk-mienchikkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-26T05:54:42.000Z
- Updated: 2026-02-26T05:54:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын аткарылышын жана сакталышын текшерүүнүн алкагында мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Тактап айтканда, 2006-жылы Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын аймагында жайгашкан, айыл чарба багытындагы жалпы аянты 9,2 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке жактардын менчигине өтүп кеткендиги белгилүү болгон.

> Жүргүзүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында базар баасы 7 миллион 763 миң сомду түзгөн 9,2 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Учурда мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо багытындагы иштер улантылууда.