> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте аз камсыз болгон 456 үй-бүлөгө эт консервалары таратылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/26/bishkiektie-az-kamsyz-bolghon-456-ui-bulogho-et-konsiervalary-taratylat/
- Published: 2026-02-26T07:06:35.000Z
- Updated: 2026-02-26T07:06:35.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Бишкек шаарында "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун алуучу 456 үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөрүн мэриядан билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, калктын аярлуу катмарларын колдоо максатында Бишкек шаарына Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпысынан 2 280 даана эт консервасы бөлүнүп берилген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/--------------------------2026-02-26----13.04.55-1.png)

"Бул чара турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталып, мамлекеттик социалдык саясаттын алкагында даректүү ишке ашырылууда", — деп айтылат билдирүүдө.