> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр өлкө боюнча 136,5 миң бала "балага сүйүнчү" төлөмүн алган
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/26/byltyr-olko-boiuncha-136-5-min-bala-balagha-suiunchu-tolomun-alghan/
- Published: 2026-02-26T10:21:56.000Z
- Updated: 2026-02-26T10:21:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдагандай, 2026-жылдын 1-январына карата төрөлгөндө берилүүчү бир жолку "балага сүйүнчү" төлөмүн 136 568 бала алды.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, жалпы алгандардын ичинен 36 бала үч эм жана андан көп болуп бир учурда төрөлгөндөр.

> Эске салсак, "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 000 сомду түзөт.

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда ар бир балага 50 000 сом өлчөмүндө төлөм каралган.Бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.