> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте автобустардын техникалык жана санитардык абалы текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/bishkiektie-avtobustardyn-tiekhnikalyk-zhana-sanitardyk-abaly-tiekshierildi/
- Published: 2026-02-27T03:28:43.000Z
- Updated: 2026-02-27T03:29:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Күн мурун Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти "Бишкек шаардык транспорт" ишканасына караштуу автобустардын эртең мененки каттамдарга чыгар алдындагы техникалык жана санитардык абалын текшерди.**

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүдө айрым автобустардын техникалык мүчүлүштүктөрү аныкталып, линияга чыгууга тыюу салынды. Тышкы көрүнүшү жана тазалыгы талапка жооп бербеген автобустарды кайра жууп-тазалоо тапшырмасы берилди.

> Талаптагыдай көзөмөл жүргүзбөгөндүгү үчүн айрым механиктерге эскертүү берилип, колоннанын механигине сөгүш жарыяланды.

Жүргүнчүлөрдөн автобустардын ичинде тазалыкты сактоону жана таштанды калтырбоону өтүнөбүз.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-169.jpeg)