> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте электросамокаттарды пайдалануу тартиби күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/bishkiektie-eliektrosamokattardy-paidalanuu-tartibi-kuchotulot/
- Published: 2026-02-27T05:25:49.000Z
- Updated: 2026-02-27T05:25:48.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жылуу аба ырайынын башталышы менен Бишкекте электросамокат, велосипед жана кыска мөөнөттүү ижара кызматтарын колдонуу сезону активдешүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Буга байланыштуу шаар мэриясында аппарат жетекчиси Ильяс Колоповдун төрагалыгы алдында кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү менен жыйын өттү.

> Жыйында электросамокаттарды пайдаланууну мыйзам талаптарына жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык жөнгө салуу маселеси талкууланды. Компанияларга колдонуучуларга көзөмөлдү күчөтүү, эрежени бузган жарандарга санкцияларды колдонуу сунушталды.

Тактап айтканда, жол кыймылынын эрежелерин бузган колдонуучуларга мобилдик тиркеме аркылуу кызматты убактылуу же толук чектөө механизмин киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Мэрия шаар тургундарын жана конокторун жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.