> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/byltyr-aiyl-charbasynyn-dun-produktsiiasy-459-7-mlrd-somgho-zhietti/
- Published: 2026-02-27T09:35:36.000Z
- Updated: 2026-02-27T09:35:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн республикалык кеңешмеде 2025-жылы экономиканын реалдуу секторунда аткарылган иштер тууралуу баяндама жасады.**

Анын айтымында, 2025-жылы реалдуу сектор туруктуу өсүштү камсыз кылды. Айыл чарбасынын дүң продукциясы 459,7 млрд сомго жетип, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 63 млрд сомго көбөйдү. Тармак ИДПнын 10%ын түзүп, экономикалык жактан активдүү калктын 20%ке чейинкисин жумуш менен камсыз кылууда. Жеңилдетилген насыялоого 12,6 млрд сом бөлүнүп, айыл чарба техникасынын паркы 92 миң бирдикке жетти.

Ирригация тармагында 4 455 гектар жаңы сугат жер пайдаланууга берилип, 40 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалды. Бул максатта бюджеттен 3,7 млрд сом каралган.

> Энергетикада 2025-жылы орнотулган кубаттуулук 213,6 МВтга көбөйдү. 8 кичи ГЭС жана 100 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясы ишке кирди. CASA-1000 долбоорунун электр берүү линиясы пайдаланууга берилди. 2026-жылы дагы 13 кичи ГЭС жана 850 МВт кубаттуулуктагы күн станцияларын ишке киргизүү пландалууда.

Тоо-кен тармагында салыктык түшүүлөр 65,4 млрд сомго жетип, өсүү 58% түздү. Курулуш секторунда 3,5 млн чарчы метр турак жай жана социалдык объектилер пайдаланууга берилди. "Менин үйүм" программасына 40,2 млрд сом багытталып, 80 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүүдө.

Транспорт тармагында 1 545 км жол асфальтталып, Балыкчы–Кочкор темир жолу узартылды. Барскоон–Бедел автожолунун курулушу башталды.

> Авиация тармагында аэропорттор 2,3 млрд сомго үч учак сатып алышты. Ички аэропорттук инфраструктураны модернизациялоого 8,4 млрд сом багытталып, 11 аэропорт сертификациядан өттү.

Министр 2026-жылы өндүрүш көлөмүн мындан ары көбөйтүүгө жана инфраструктураны модернизациялоого басым жасаларын белгиледи.