> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарында жаңы административдик имарат курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/manas-shaarynda-zhany-administrativdik-imarat-kuruluuda/
- Published: 2026-02-27T09:10:25.000Z
- Updated: 2026-02-27T09:10:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында курулуш объектилериндеги иштердин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Министр Манас шаарындагы Ж. Абдурахманов көчөсү 6/2 дарегинде курулуп жаткан Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратын көрүп чыкты. Ал кызматкерлер менен жолугуп, жаңы имарат жакынкы аралыкта пайдаланууга берилерин белгиледи.

> Долбоор боюнча имарат заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Жалпы аянты 1000 чарчы метрди түзгөн имарат 3 кабаттан турат. Курулуш иштери 2025-жылдын октябрь айында башталган.

Белгилей кетсек, буга чейин башкармалыктын имараты эски жана тар болгондуктан, кызматкерлер ыңгайсыз шартта иштеп келишкен. Жаңы административдик имарат мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички ресурстарынын эсебинен курулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-101.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-83.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-67.jpeg)