> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга колдоо көрсөтүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/muktazh-ui-bulolorgho-zhana-maiyptyghy-bar-zharandargha-koldoo-korsotuldu/
- Published: 2026-02-27T04:27:51.000Z
- Updated: 2026-02-27T04:27:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кечээ "Ассанабил" коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара "Үмүт жарыгы" долбоорунун алкагында уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.** 

Аземге Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары А. Орозбаева катышты.

> Иш-чаранын жүрүшүндө беш жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө 7 даана "Желмаян" жүк ташуучу мототроллери тапшырылды. Ошондой эле техникалык реабилитациялык каражаттарга муктаж жарандарга 10 даана майыптар коляскасы берилди.

Мындан тышкары, аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү энелерге жеке ишин баштоо жана материалдык абалын жакшыртуу максатында тигүүчү машиналар берилди.

Көрсөтүлгөн жардам көп балалуу энелердин ишкердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыймыл-аракетин жеңилдетүүгө жана оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн экономикалык туруктуулугун бекемдөөгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-96.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-172.jpeg)