> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокатта 585 миң сом алимент өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/nookatta-585-min-som-alimient-onduruldu/
- Published: 2026-02-27T11:56:08.000Z
- Updated: 2026-02-27T11:56:08.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Ош облусунун Ноокат райондук сот аткаруучулары жашы жете элек бир баланы багуу үчүн чегерилген алиментти төлөбөй келген жарандан карызын өндүрүп, баланын энесине беришкенин бүгүн Сот аткаруучулар кызматы билдирди.**

Мекеменин маалыматына караганда, ал жаран 2021-жылдын март айынан быйылкы жылдын март айына чейин баласына бир да жолу алимент төлөгөн эмес, жалпы чогулган алименттин суммасы 585 497 сомду түзгөн. Бул өлчөмдөгү алименттик карыз толугу менен баланын энесине өткөрүлүп берилди.  
  
Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, былтыр 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнү аныкталган.

Сот департаментинин маалыматына ылайык, 59 миңден ашык иш ачык турат. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөйт.

[Кара-Көл шаарында 813 миң сом алимент өндүрүлдүКара-Көл шаарында эки баланы багуу үчүн ири суммадагы алименттик карыз толугу менен өндүрүлгөнүн Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө карызкор Ч. О.дон өндүрүп алуучу А. К.нын пайдасына эки жашы жете элек баланы багуу үчүн алимент өндүрүү иши каралды. Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/icon/android-chrome-192x192-1-1.png)ИШКЕР MEDIAМелис Совет уулу![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/thumbnail/cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3-3-1.jpeg)](https://im.kg/ekonomika/2026/02/26/kara-kol-shaarynda-813-min-som-alimient-onduruldu/)