> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу 275 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/oshtoghu-275-orunduu-zhany-miektieptin-kurulushu-aiaktoo-aldynda/
- Published: 2026-02-27T08:30:07.000Z
- Updated: 2026-02-27T08:30:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарынын Төлөйкөн айылында 275 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, билим уясынын жалпы наркы 134 миллион сомду түзөт. Курулуш иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Учурда имараттын “А” блогу 95%га бүткөрүлүп, “Б” блогунда 70%дык жумуш аткарылды.

> Жаңы мектеп заманбап үлгүдө салынып, кенен негизги окуу класстары, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана бардык шарттары менен спорт залы каралган.

Объекттин курулуш иштерин “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 600гө жакын окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.