> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 га жайыт жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/02/27/oshtoghu-myizamsyz-bierilghien-1-05-gha-zhaiyt-zhier-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-02-27T08:18:15.000Z
- Updated: 2026-02-27T08:18:15.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Оштогу мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жер боюнча соттук териштирүү жыйынтыкталып, жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Айыл чарба министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан берилген доо-арыз канааттандырылды.

> Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Ош облустук административдик сотунун чечимин күчүндө калтырып, мыйзамсыз берилген 1,05 гектар жайыт жерин мамлекеттин менчигине кайтарды.