> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте эки конушта суу берүү убактылуу токтотулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/02/bishkiektie-eki-konushta-suu-bieruu-ubaktyluu-toktotulat/
- Published: 2026-03-02T05:56:44.000Z
- Updated: 2026-03-02T05:56:43.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**5-мартта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо 1 жана Ала-Тоо 2 конуштарында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилерине суу саат 9:00дөн 21:00гө чейин берилбейт.

> Сууну өчүрүү "Ала-Тоо" суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу болууда.

"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, мекемелерди жана тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууга чакырат.