> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жаш техниктер станциясынын курулушу уланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/02/bishkiektie-zhash-tiekhniktier-stantsiiasynyn-kurulushu-ulanuuda/
- Published: 2026-03-02T06:25:03.000Z
- Updated: 2026-03-02T06:25:03.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Борбор калаада Лев Толстой көчөсү, 144 дарегинде Жаш техниктер станциясынын жаңы, заманбап имаратынын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.** 

Тапшырыкчы — Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы.

Учурда объектте ички жасалгалоо иштери жүргүзүлүп, ошондой эле фасаддык жумуштар аткарылууда.

> Имараттын жалпы аянты 2563 чарчы метрди түзөт, жер тилкесинин жалпы аянты — 0,342 гектар. Имарат жер төлөсүн кошкондо беш кабаттан турат. Анда окуу кабинеттер, астрономиялык обсерватория, музей, конференц-зал, бий жана актовый залдары, китепкана, машыгуу залы жана балдардын чыгармачылык жана техникалык өнүгүүсү үчүн башка бөлмөлөр каралган.

Аймагында спорттук аянтча (WORKOUT), салтанаттуу иш-чаралар үчүн жабык бастырма, автомодель жана картинг боюнча машыгуу аянтчалары жана башка практикалык сабактар үчүн зоналар курулат.

Подрядчы уюм — "Эссир Компани" ЖЧКсы.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-3.jpeg)