> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жоогазын фестивалы башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/02/bishkiektie-zhooghazyn-fiestivaly-bashtaldy/
- Published: 2026-03-02T08:46:59.000Z
- Updated: 2026-03-02T08:46:58.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги "ТюлпанЛенд" компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Иш-чаранын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон башталат. Каалоочулар гүлдөрдү дүң жана чекене түрдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

> Фестивалдын негизги максаты — ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн арттыруу жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу.

Иш-чарада жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукциясын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат. Ошондой эле гүл чарбачылыгын өнүктүрүү, жаңы сортторду жайылтуу жана тармакка инвестиция тартуу багытындагы демилгелер илгерилетилүүдө.

> Фестивалдын жүрүшүндө адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.

Министрлик мындан ары да ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана айыл чарба тармагын диверсификациялоо боюнча иштерди улантарын белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.52.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.52-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.51.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.51-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.51-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-02-at-14.15.49-2.jpeg)