> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# МИК 5 айлык баласы менен  курьер болгон келинге батир тапшырды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/02/mik-5-ailyk-balasy-mienien-kurier-bolghon-kielinghie-batir-tapshyrdy/
- Published: 2026-03-02T12:30:06.000Z
- Updated: 2026-03-02T12:30:06.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берилгенин 1-мартта мекемеден билдиришкен.** 

Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/--------------------------2026-03-02----18.10.51.png)

Куттубек кызы тууралуу видео жарыялангандан кийин элден анын эсебине чогулган каражат 1 млн сомдон ашканын өзү аталган редакцияга билдирген. 

Курьер келин тууралуу башка блогерлер да видео жарыялап, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.