> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектин Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/03/bishkiektin-kok-zhar-aiylynda-750-orunduu-zhany-miektiep-kuruluuda/
- Published: 2026-03-03T04:54:48.000Z
- Updated: 2026-03-03T04:54:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында 20 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул иштерди Курулуш министрлиги ишке ашырууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, Көк-Жар айылында 750 орундуу жаңы мектеп салынууда. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулушту жыл аягына чейин аяктоо пландалууда.

Учурда жер казуу иштери толук бүткөрүлүп, имараттын пайдубалын куруу этабы жүрүүдө.

> Жаңы мектепте окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, компьютердик класс, эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Имарат 3 блоктон турган, 3 кабаттуу болуп курулат.

Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин 2000ге жакын окуучу заманбап шартта билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.