> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эки жарандан 46 млн сом алдап кеткен жаран Азербайжанда кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/03/eki-zharandan-46-mln-som-aldap-kietkien-zharan-azierbaizhanda-karmaldy/
- Published: 2026-03-03T12:35:08.000Z
- Updated: 2026-03-03T12:35:08.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Азербайджандан Кыргызсстанга 46 млн сомдон ашык каражатты алдап алган деп айыпталган жаран экстрадицияланганын Башкы прокуратура билдирди.**

Маалыматка ылайык, издөөгө алынган Т.Д. Баку шаарында кармалган. Зарыл болгон бардык процедуралар аяктагандан кийин ал ИИМ кызматкерлеринин коштоосунда Кыргызстанга жеткирилген. Учурда ал кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө абагына камалды.

> Тергөө маалыматы боюнча, шектүү эки жабырлануучунун ишенимине кирип, 46 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз ыйгарып алган жана андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен.

Башкы прокуратура Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты күчөтүп, адилеттиктен качкан адамдарга карата жазанын сөзсүз аткарылышын камсыз кылуу багытында ишти улантарын белгиледи.