> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте кудуктардын капкактарын жол деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/04/bishkiektie-kuduktardyn-kapkaktaryn-zhol-diengheelinie-chieiin-kotoruu-ishtieri-zhuruudo/
- Published: 2026-03-04T10:25:11.000Z
- Updated: 2026-03-04T10:25:11.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарында жол инфраструктурасын жакшыртуу иштери уланууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын бригадалары Исанов жана Садырбаев көчөлөрүндө кудуктардын капкактарын жолдун деңгээлине чейин көтөрүп, оңдоп жатышат.**

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул иштер жол коопсуздугун жогорулатууга жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

> Маалыматка ылайык, быйыл жаңы технологияны колдонуу менен Бишкек шаарында 10 кудуктун капкагы орнотулду.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-8.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-8.jpeg)