> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Н.Орунтаев: Быйыл курулуш тармагында ири долбоорлор ишке ашат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/04/n-oruntaiev-byiyl-kurulush-tarmaghynda-iri-dolboorlor-ishkie-ashat/
- Published: 2026-03-04T11:25:40.000Z
- Updated: 2026-03-04T11:25:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Быйыл Кыргызстанда жаңы мектептерди куруу, социалдык объектилерди бүткөрүү жана курулуш тармагын санариптештирүү боюнча бир катар иштер жүргүзүлөт. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн коллегиялык жыйында билдирди.**

Анын маалыматына ылайык, быйыл Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10, Манас шаарында 6 жаңы мектеп куруу пландалууда. Мындан тышкары, Сауд өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкекте 5 жаңы мектеп жана 7 окуу корпусу, ошондой эле Чүй облусунда 2 мектеп курулат. Ошондой эле мурда башталган социалдык объектилер толук бүткөрүлөт.

Мындан тышкары, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарында тиешелүү филиалдарды ачуу, оңдоп-түзөө жана курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

> Ошондой эле 31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Талас шаарында "Баластан" балдар борборукурулуп, "Манас Ордо" улуттук комплекси жана "Чыңгыз Ааламы" тарыхый-маданий комплексиреконструкцияланат.

Курулуш тармагында санариптештирүү иштери да улантылып, лицензиялоо, сертификациялоо жана шаар куруу кызматтары электрондук форматка өткөрүлөт. Ошондой эле автоматташтырылган геомаалыматтык системалар жана шаар куруу долбоорлору ишке киргизилет.

> Мындан тышкары, 2026-жылы заманбап административдик имараттар жана техникалык базалар курулуп, курулуш материалдарын сыноо жана сапатын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилет. Ошондой эле мамлекеттик экспертиза жана архитектура-курулуш көзөмөлүн күчөтүү аркылуу мыйзамсыз курулуштарды азайтуу боюнча иштер жүргүзүлөт.

Бул иштер курулуш тармагында социалдык жана административдик объектилерди сапаттуу жана ыкчам курууга багытталган.