> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ЖК депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өттү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/04/zhk-dieputattarynyn-dokumient-zhughurtuusu-eliektronduk-formatka-ottu/
- Published: 2026-03-04T05:13:49.000Z
- Updated: 2026-03-04T05:13:48.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Парламент депутаттарынын документ жүгүртүүсү электрондук форматка өткөрүлгөнүн бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирди.**

Анын айтымында, буга чейин спикердин жана депутаттардын ишин камсыз кылуу үчүн абдан көп кагаз талап кылынчу.

Ал жыйында кагаздардын топтомдорун көрсөтүп, аппарат кызматкерлерин бул документтерди алып кетүүгө чакырды.

"Ишибизди санариптештирүүнүн алкагында документ жүгүртүүнү электрондук форматка өткөрүү чечими кабыл алынды. Жакын арада парламенттик комитеттер да ушундай форматка өтөт. Ошондой эле ишти оптималдаштырууга жардам бере турган жасалма интеллектти киргизип жатабыз", — деп кошумчалады Марлен Маматалиев.