> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери тоо-кен тармагында 20 лицензия берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/04/zhyl-bashynan-bieri-too-kien-tarmaghynda-20-litsienziia-bierildi/
- Published: 2026-03-04T11:38:28.000Z
- Updated: 2026-03-04T11:38:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жыл башынан бери 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.**

Маалыматка ылайык, берилген лицензиялардын ичинен 12си көмүр, 3ү мунай жана газ, 3ү алтын, ал эми 2си курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча берилген.

> Белгиленгендей, кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.

Ошондой эле долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке түшүүчү салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир берүүгөшарт түзөрү айтылды.

> Министрликтин маалыматына ылайык, бардык лицензиялар сунушталган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жана мыйзамдарда белгиленген тартипте, талап кылынган бардык жол-жоболор сактоо менен берилген.

Мындан ары да Кыргыз геологиялык кызматы жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялоо процесстеринин ачык-айкындуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча ишин улантат.