> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкек мэриясында быйылкы айыл чарба каттоосуна даярдык талкууланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/05/bishkiek-meriiasynda-byiylky-aiyl-charba-kattoosuna-daiardyk-talkuulandy/
- Published: 2026-03-05T11:48:08.000Z
- Updated: 2026-03-05T11:48:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын мэриясында 2026-жылы өткөрүлө турган айыл чарба каттоосуна даярдык көрүү маселелерине арналган комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти**

Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өткөрүлө турган айыл чарба каттоосунун негизги календардык планынын алкагында аткарылуучу иштер талкууланды.

> Кеңешменин жүрүшүндө каттоону сапаттуу өткөрүү максатында тиешелүү персоналды — координаторлорду, инструктор-контролерлорду жана каттоочуларды тандоо жана тартуу маселелери каралды. Мындан тышкары, аларды керектүү жумушчу жайлар жана компьютердик техника менен камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук чаралар талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Жыйындын жыйынтыгында Бишкек шаарынын аймагында 2026-жылдагы айыл чарба каттоосун өз мөөнөтүндө жана сапаттуу өткөрүүгө багытталган кошумча милдеттер белгиленип, аларды ишке ашыруунун так мөөнөттөрү аныкталды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-22.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-17.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-15.jpeg)