> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан жакынкы 5 жылда 10 заманбап учак сатып алат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/05/kyrghyzstan-zhakynky-5-zhylda-10-zamanbap-uchak-satyp-alat/
- Published: 2026-03-05T10:10:08.000Z
- Updated: 2026-03-05T10:10:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жакынкы беш жыл ичинде Asman Airlines авиакомпаниясынын учак паркы 10 заманбап Airbus A321 учагы менен толукталат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самадинов билдирди.**

Анын айтымында, бүгүн Asman Airlines компаниясы өзүнүн өнүгүүсүндө дагы бир маанилүү кадам жасап, европалык Airbus корпорациясынан 2 даана Airbus A321 учагын сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

> Бул стратегиялык чечим авиакомпаниянын каттамдар тармагын кеңейтүүгө жана Кыргызстандын эл аралык авиация рыногундагы позициясын бекемдөөгө багытталган.

Пландын алкагында КМШ өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка жана Европага жаңы каттамдарды ачуукаралууда.