> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарындагы "Достук" паркына 11,6 млн сомго монумент курулат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/05/manas-shaaryndaghy-dostuk-parkyna-11-6-mln-somgho-monumient-kurulat/
- Published: 2026-03-05T04:01:55.000Z
- Updated: 2026-03-05T04:01:55.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, #Жаңылыктар

**Манас шаарынын муниципалитети "Достук" паркындагы "Даңк" аллеясын куруу жана реконструкциялоо боюнча тендер жарыялады. Маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган.**

Буйрутмачы болуп шаар мэриясынын алдындагы коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти чыгууда. Долбоордун жалпы пландалган суммасы **11 млн 618 миң 800 сомду** түзөт.

Лоттун алкагында скульптураны жасоо жана тарыхый эстеликтер менен мемориалдарды куруу категориясына кирген объектти куруу иштерин жүргүзүү каралган.

Сөз "Даңк" аллеясынын курамындагы монументти тургузуу жана анын айланасын кошумча көрктөндүрүү тууралуу болуп жатат. Иштер келишим түзүлгөндөн кийин **45 күндүн ичинде** аткарылышы керек.

Келишим боюнча аванс каралган эмес. Төлөмдүн 100%ы объект кабыл алынгандан кийин, болжол менен 2026-жылдын 30-августуна чейин жүргүзүлөт. Ишти белгиленген мөөнөттө бүтүрбөгөн учурда **айып пул санкциялары** каралган.