> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/05/oshto-agroekspo-2026-el-aralyk-zharmankiesi-bashtaldy/
- Published: 2026-03-05T07:04:57.000Z
- Updated: 2026-03-05T07:04:56.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Ош шаарында "Айыл чарбасындагы инновациялар жана климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташкан ресурс үнөмдөөчү технологиялары" аталышындагы "АГРОЭКСПО-2026" эл аралык жарманкеси башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жарманке айыл чарба өндүрүүчүлөрүн, фермерлерди, ишкерлерди жана тармактагы адистерди бир аянтчага чогултуп, агрардык сектордогу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого жана кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

> Көргөзмөнүн негизги максаты – айыл чарбасындагы инновацияларды жайылтуу, климатка ылайыкташкан технологияларды тааныштыруу жана агрардык бизнести өнүктүрүү. Ошондой эле фермерлер менен камсыздоочулардын ортосундагы кызматташууну бекемдөө каралган.

Иш-чаранын алкагында айыл чарба техникалары, агротехнологиялар, сапаттуу үрөндөр жана көчөттөр, тамчылатып сугаруу системалары, санарип суу платформалары жана жашыл энергия технологияларыбоюнча көргөзмөлөр уюштурулууда.

Ошондой эле адистердин мастер-класстары, лотереялар жана шоу-программа өткөрүлүүдө. Жарманке эртең дагы уланат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-4.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-4.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-2.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/6.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/7-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/8-1.webp)