> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргондо 853 млн сомдук ирригациялык долбоор башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/bazar-korghondo-853-mln-somduk-irrighatsiialyk-dolboor-bashtaldy/
- Published: 2026-03-06T11:49:33.000Z
- Updated: 2026-03-06T11:49:32.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасын модернизациялоо долбоорунун алкагында Жаңы-Жогорку-Акман жана Левая-Ветка сугат каналдарынын курулушу башталып, “мезгил кутучасы” салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты.

Долбоор Президенттин тапшырмасы менен сугат тармагын өнүктүрүү мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда. Анын негизги максаты – аймактардагы эскирген ирригациялык инфратүзүмдү жаңылап, суу өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана суу коромжусун азайтуу.

> Кара-Үңкүр-Сай ирригациялык системасынын жалпы узундугу 39,01 чакырымды түзөт. Анын ичинде Левая-Ветка каналы – 15,78 чакырым, ал эми Жаңы-Жогорку-Акман каналы – 23,23 чакырым. Долбоордун жалпы сметалык баасы 853,4 млн сомду түзүп, Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын "Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарбасын жакшыртуу" программасынын алкагында каржыланууда.

Долбоор аяктагандан кийин Базар-Коргон шаары, Сайдыкум жана Акман айыл аймактарындагы 8225 гектар сугат жер суу менен камсыздалып, 114 миңден ашуун тургун анын пайдасын көрөт. Жаңы сугат тутумун ишке берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-29.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/7-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-13.jpeg)