> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/bishkiektie-karyzkordon-15-8-mln-som-alimient-onduruldu/
- Published: 2026-03-06T07:21:51.000Z
- Updated: 2026-03-06T07:21:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды.**

И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү.

> *Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15 млн 843 миң 380 сомду түздү. Бул каражаттар толугу менен И.А.А.нын эсептик эсебине которулду.*

Көрүлгөн чаралар жашы жете элек баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылып, соттук чечимдердин милдеттүү түрдө аткарылышы принцибин тастыктады.