> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Суудагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/kara-suudaghy-miektiep-imaratyna-inzhienierdik-tiekshieruu-zhurghuzuldu/
- Published: 2026-03-06T10:23:52.000Z
- Updated: 2026-03-06T10:23:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүштү.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүү көп жыл мурда салынган мектеп имаратынын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду.

> Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкциялык схемасын жана азыркы абалын изилдешти. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн болгон кемчиликтер менен бузулуулардын себептерине талдоо жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча тиешелүү сунуштар иштелип чыгары күтүлүүдө.