> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Манас Ордо" комплекси 31-августка чейин  реконструкцияланып бүтөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/manas-ordo-komplieksi-31-avghustka-chieiin-riekonstruktsiialanyp-butot/
- Published: 2026-03-06T05:40:44.000Z
- Updated: 2026-03-06T05:40:44.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Кыймылсыз мүлк

**Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев иш сапары менен Талас облусуна барды. Иш сапардын алкагында спикер "Манас Ордо" улуттук комплекси менен таанышып, ремонттук жана реконструкциялык иштердин жүрүшүн көрдү.**

Марлен Маматалиев белгилегендей, "Манас" эпосу кыргыз элинин маданий жана руханий мурастарынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

> "Бул тарыхый жер абдан маанилүү. Реконструкция иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жүргүзүлүүдө. Иштер бүткөндөн кийин зыяратчылар жана туристтердин саны көбөйөт. Бул, өз кезегинде, облустун туристтик потенциалын жогорулатууга жана экономикалык өнүгүүгө оң таасир берет", — деди Марлен Маматалиев.

Ал ошондой эле комплексти Эгемендүүлүк күнүнө чейин реконструкциялоону бүтүрүүнү эскертти жана жооптуу кызматкерлерди бардык иштерди сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүгө чакырды.

***"Манас Ордо" комплекси 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдыгынан кийин түзүлгөн, ал эми 2001-жылы улуттук статуска ээ болгон.** Комплекстин жалпы аянты: 225 гектар. Анда тарыхый-архитектуралык эстеликтер, китепкана, жаш манасчылар мектеби, музейлер, ипподром жана башка маданий объекттер жайгашкан. Азыркы учурда жаңы имараттардын курулушу жана инфраструктуранын модернизациясы жүрүүдө