> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ош шаарындагы үч эмдин ата-энесине шаар мэри 50 миң сом берди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/osh-shaaryndaghy-uch-emdin-ata-eniesinie-shaar-meri-50-min-som-bierdi/
- Published: 2026-03-06T08:50:43.000Z
- Updated: 2026-03-06T08:50:43.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Ош шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлгөнүн Ош шаарынын мэриясы кабарлады.**

Шаар мэри Жанарбек Акаевдин атынан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова муниципалдык Керме-Тоо аймактык башкармалыгунда жайгашкан “Анар” кичи районунда жашаган Мавлюда Бердигулованы үйүнө барып куттуктады. Ал жакында үч эм төрөгөн.

> Мэрдин атынан үй-бүлөгө 50 миң сомдук сертификат жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга арналган белектер тапшырылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/648576660_1265.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/648680730_1265.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, ымыркайлар 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт үйүндө төрөлгөн. Учурда эненин жана балдардын абалы жакшы деп бааланууда.