> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# УКМК Ошто курал-жарактын жашыруун кампасын аныктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/ukmk-oshto-kural-zharaktyn-zhashyruun-kampasyn-anyktady/
- Published: 2026-03-06T12:05:52.000Z
- Updated: 2026-03-06T12:05:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун аймагында курал-жарак жана ок-дарылардын ири көлөмдөгү жашыруун жайы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, табылган курал-жарактар "Женго" каймана аты менен белгилүү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык болгон.

Текшерүү учурунда төмөнкүдөй курал-жарактар жана ок-дарылар алынган:

- 12 даана Калашников автоматы (АК);
- 2 даана согуштук тапанча ("Беретта" жана "Макаров");
- 2 даана мылтык;
- 11 даана автоматтын магазини;
- 700 даана 7,62 мм калибрдеги ок-дарылар жана башка аскердик жабдыктар.

> Ыкчам маалыматтар боюнча, бул куралдар өзгөчө оор кылмыштарды жасоо, өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу жана учурдагы бийликти антиконституциялык жол менен алмаштыруу максатында топтолгон. Мындан тышкары, трансулуттук кылмыштуу топтор тарабынан сырттан колдоо көрсөтүү пландары болгону белгиленди.

Учурда алынган бардык курал-жарак жана ок-дарылар баллистикалык жана криминалистикалык экспертизага жөнөтүлдү. УКМК тарабынан тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/5-3.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/6-1.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/7-2.webp)