> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 400 метр мыйзамсыз балык тору алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/06/ysyk-koldo-400-mietr-myizamsyz-balyk-toru-alyndy/
- Published: 2026-03-06T12:40:25.000Z
- Updated: 2026-03-06T12:40:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдө жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө колдонууга тыюу салынган 400 метр синтетикалык балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Ысык-Көл көлүнүн акваториясында браконьерлик фактыларын аныктоо боюнча пландуу рейд өткөрүштү.

> Ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында колдонууга тыюу салынган синтетикалык балык уулоочу торлордун 400 метри алынган. Мындай торлорду колдонуу көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүнө олуттуу зыян келтирип, экологиялык тең салмактуулукту бузат.

Министрликтин маалыматына ылайык, Ысык-Көлдүн суу ресурстарын коргоо боюнча рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылууда. Ведомствонун инспекторлору жарандарды жана балык уулоону сүйүүчүлөрдү мыйзам талаптарын сактоого жана көлдүн уникалдуу экосистемасына аяр мамиле кылууга чакырат.