> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргондо 200 тонна мөмө-жемиш сактоочу кампа пайдаланууга даяр
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/07/bazar-korghondo-200-tonna-momo-zhiemish-saktoochu-kampa-paidalanuugha-daiar/
- Published: 2026-03-07T05:53:54.000Z
- Updated: 2026-03-07T05:53:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар менен өз ара аракеттенүү жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Нурдин Довлетов Базар-Коргон районуна караштуу Сайдыкум айыл аймагындагы мөмө-жемиш сактоочу кампасынын иши менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Кампа Айгыр-Жал участкасында муниципалдык менчиктеги жер тилкесине курулган. Логистикалык борбор 2024-жылы CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун кошумча каржылоосу аркылуу ишке ашырылган.

Долбоордун каржылоосу төмөнкү булактардан түзүлгөн:

- CASA-1000 долбоору – 6 млн 644 миң 663 сом
- Жергиликтүү бюджет – 104 миң сом
- Жалпы сметалык баасы – 6 млн 748 миң 663 сом.

> Мөмө-жемиш сактоочу кампасынын аянты 20 х 13,9 метрди түзөт. Кампа төрт бөлүккө бөлүнүп, ар биринде 50 тоннадан айыл чарба продукциясын сактоого мүмкүнчүлүк бар. Жалпы сактоо көлөмү 200 тоннаны түзөт.

Курулуш иштери 2024-жылдын 26-апрелинде Прогресс+С ЖЧК тарабынан башталып, учурда толугу менен аяктап, пайдаланууга берүүгө даяр. Кампа пияз, сабиз, капуста, болгар калемпири сыяктуу жашылчаларды, ошондой эле алма жана курма өңдүү мөмөлөрдү сактоого ылайыкташкан.

> Сапардын жүрүшүндө Нурдин Довлетов жергиликтүү тургундардын жана ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, көтөрүлгөн маселелер министрликтин жетекчилигине жеткирилерин белгиледи.

Белгиленгендей, кампаны иштеткен ишкер кошумча күнөскана чарбасын да жүргүзүп, органикалык жашылча жана мөмө-жемиш өстүрүү менен алектенет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-07.12.10--2-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-07.12.10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-07.12.09--1-.jpeg)