> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эрлист Акунбеков Жалал-Абаддагы асыл тукум уй чарбасын текшерди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/07/erlist-akunbiekov-zhalal-abaddaghy-asyl-tukum-ui-charbasyn-tiekshierdi/
- Published: 2026-03-07T10:37:54.000Z
- Updated: 2026-03-07T10:37:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Тойгонбай Ата асыл тукум чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, чарбанын жетекчиси 2023-жылы голштин породасындагы 22 баш уй алып келип, учурда алардын саны 45 башка жеткенин билдирди. Чарбадан алынган сүттүн орточо суткалык көлөмү 850–900 литрди түзөт. Ар бир уй күнүнө 28-30 литр сүт берет. Сүттүн 1 литри 40 сомдон сатылууда.

2025-жылдын 15-майындагы министрликтин буйругунун негизинде чарбага "Фермердик асыл тукум ферма" статусу ыйгарылган.

> Чарба Сузак районунда жайгашкан. Учурда анда 4 туруктуу жумушчу иштейт. Райондук айыл чарба департаменти тарабынан чарбага 13 гектар сугат жана 9 гектар кайракы жер бөлүнүп берилген.

Жолугушууда фермер суу менен камсыздоо маселесин көтөрдү. Министр бул маселени чечүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берип, фермердик чарбаны өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-09.15.20.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-09.19.12.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/WhatsApp-Image-2026-03-07-at-09.19.11.jpeg)