> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# ТМУ жыйынында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/07/tmu-zhyiynynda-zhakynky-chyghyshtaghy-kyrdaal-talkuulanat/
- Published: 2026-03-07T07:18:19.000Z
- Updated: 2026-03-07T07:18:19.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Стамбулда өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынына катышат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.**

Маалыматка ылайык, жыйында ТМУ өлкөлөрүнүн тышкы саясий мекемелеринин башчыларынын учурдагы аймактык жана глобалдык темаларды, анын ичинде, Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды, ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашы күтүлүүдө.