> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Токмок шаарынын жаңы мэри дайындалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/07/tokmok-shaarynyn-zhany-meri-daiyndaldy/
- Published: 2026-03-07T06:05:00.000Z
- Updated: 2026-03-07T06:05:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кутпидин Абдырахманович Шакиров Чүй облусундагы Токмок шаарынын мэри болуп дайындалды.**

Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесин жетекчиликке алуу менен кабыл алынган.

> Маалыматка ылайык, Кутпидин Шакиров 1977-жылдын 6-июнунда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жаңы-Коргон айылында туулган.