> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан аялдары тууралуу кызыктуу цифралар
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/08/kyrghyzstan-aialdary-tuuraluu-kyzyktuu-tsifralar/
- Published: 2026-03-08T04:43:37.000Z
- Updated: 2026-03-08T04:43:37.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Коом, Кызыктуу

**Улуттук статистика комитети жыл сайын 8-мартта белгиленүүчү Эл аралык аялдар күнүнө карата маалыматтарды сунуштады. Бул майрам Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1975-жылы расмий таанылган. Бүгүнкү күндө ал аялдардын укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана эл аралык тилектештик үчүн күрөштүн символу болуп саналат.**

2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жетти. Өлкөнүн демографиялык түзүмүндө аялдардын саны эркектерге караганда бир аз көбүрөөк — алардын үлүшү 50%дан ашат. Аялдардын орточо жаш курагы 30 жашты, эркектердики 28 жашты түзөт.

Кыргызстанда аялдар орточо эсеп менен эркектерге караганда узак жашашат. 2024-жылы аялдардын күтүлгөн өмүр узактыгы 77 жылды, эркектердики 68 жылды түзгөн. Мындай айырмачылыктын себептеринин бири — эркектер арасындагы өлүмдүн деңгээли аялдарга караганда 1,6 эсе жогору болушу.

Калктын жаш курактык түзүмү никеге туруунун деңгээлине да таасир этет. 2024-жылы өлкөдө 45 миңден ашуун аял турмушка чыккан, алардын 87%ы биринчи жолу никеге турушкан. Биринчи жолу турмушка чыккан аялдардын негизги бөлүгү 18–29 жаш курагына туура келет — бул жалпы санын дээрлик 87%ын түзөт. Биринчи жолу турмушка чыгуунун орточо жашы 24 жаш болсо, экинчи жолу турмушка чыгуу 35 жашта болот.

> Төрөт маселесине келсек, Кыргызстанда орточо аял үч бала төрөйт. Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын саны азайганына карабастан — 2020-жылы 158 миң болсо, 2024-жылы 140 миңге чейин кыскарган — төрөт деңгээли калктын жөнөкөй көбөйүшүн камсыз кылган деңгээлден жогору бойдон калууда. Бул өлкөнүн калкынын санынын өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Экономикада да аялдардын ролу чоң. 2024-жылы эмгекке жарамдуу курактагы аялдардын иш менен камсыз болуу деңгээли 48,7% түзгөн. Иштеген аялдардын орточо жашы 41 жаш.

Аялдар көбүнчө төмөнкү тармактарда иштешет: билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык тейлөө, мейманкана-ресторан тармагы жана соода.

> Ошол эле учурда эмгек акы боюнча гендердик айырма дагы эле сакталууда. 2025-жылдагы изилдөөгө ылайык, аялдардын орточо айлыгы эркектердин айлыгынын 65,7%ын түзөт. Бул айырма негизинен иштеген тармактардын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт.

Билим берүү тармагында да аялдар басымдуу. 2024/2025-окуу жылынын башында мектеп мугалимдеринин болжол менен 87%ын аялдар түзгөн. Орто кесиптик билим берүү мекемелериндеги студенттердин 58%дан ашыгы, ал эми жогорку окуу жайларындагы студенттердин болжол менен 55%ы аялдар.

> Аялдар убактысынын чоң бөлүгүн үй иштерине жумшашат. Орточо эсеп менен алар күн сайын үй жумуштарына 4 саат 40 мүнөт коротушат, бул алардын жалпы убактысынын 19%дан ашыгын түзөт. Эркектерде бул көрсөткүч беш эседен ашык аз.

Айыл жеринде жашаган аялдар үй иштерине күнүнө орто эсеп менен 5 сааттай убакыт бөлүшөт, ал эми шаардагы аялдар болжол менен 4 саат коротушат.

Иш жана үй милдеттеринен тышкары аялдар эс алууга да убакыт табышат: орточо эсеп менен алар жумасына 2 саат 20 мүнөт активдүү эс алууга жумшашат.