> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстандыктардын умра зыяратына баруусуна убактылуу чектөө киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/08/kyrghyzstandyktardyn-umra-zyiaratyna-baruusuna-ubaktyluu-chiektoo-kirghizildi/
- Published: 2026-03-08T07:53:22.000Z
- Updated: 2026-03-08T07:55:00.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана умра сапарына байланышкан маселелерди талкуулоо максатында кеңейтилген жыйын өттү. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында өткөн жыйында айтылды.**

Жыйынга Коргоо кеңешинин катчысы, Тышкы иштер министрлигинин, Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин, Жарандык авиация мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү, ошондой эле авиакомпаниялар жана туристтик компаниялар катышты.

> Жыйынды Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ачып, туризм тармагындагы компанияларга муфтият менен биргеликте жүргүзгөн иш-аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле дүйнөдөгү учурдагы кырдаалды эске алуу менен жарандардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилип, Сауд Арабиясына умра зыяратына барып калган кыргыз жарандарын мекенге кайтаруу маселеси талкууланды.

> Жыйындын жыйынтыгында кырдаал турукташканга чейин Кыргызстандын жарандарынын умра сапарына баруусуна убактылуу чектөө киргизүү чечими кабыл алынды. 

Ошондой эле токтоп калган каттамдарды "Жазира", "Флайнас", "Эйр Арабия" жана башка авиакомпаниялар аркылуу кайра жандандыруу аракеттери жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.