> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарба министрлигинде дароо 2 орун басар кызматтан бошоду
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/aiyl-charba-ministrlighindie-eki-orun-basar-kyzmattan-boshotuldu/
- Published: 2026-03-09T06:49:52.000Z
- Updated: 2026-03-09T06:49:51.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Чечим “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 18-беренесине ылайык кабыл алынды.

Ошондой эле министрдин орун басары Б.Т. Бекболотов өз арызынын негизинде кызматынан бошотулду.

> Мындан тышкары, министр Э.А. Акунбековдун сунушу менен Айбек Шаменов Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол койгон.