> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Айыл чарбасында "Дотация" санариптик системасы ишке киргизилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/aiyl-charbasynda-dotatsiia-sanariptik-sistiemasy-ishkie-kirghizildi/
- Published: 2026-03-09T05:50:36.000Z
- Updated: 2026-03-09T05:50:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"АгроСмарт" мамлекеттик мекемеси Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен биргеликте "Дотация" автоматташтырылган маалыматтык системасын (АИС "Дотация") ишке киргизди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.** 

Жаңы санариптик система айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик дотацияларды алуу үчүн арыздарды электрондук түрдө берүү, каттоо жана кароо процесстерин автоматташтырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле үрөндөрдүн кыймылын көзөмөлдөөгө жана алардын максаттуу пайдаланылышын мониторинг кылууга шарт түзөт.

> Система аркылуу дыйкандар арыздарды онлайн тапшырып, документтер автоматтык текшерүүдөн өтөт. Бул арыздарды кароо мөөнөтүн кыскартып, мамлекеттик колдоонун ачык-айкындуулугун жогорулатууга жардам берет.

Белгиленгендей, АИС "Дотация" жакынкы убакта этап-этабы менен киргизилип, айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн мамлекеттик электрондук кызматтар аркылуу жеткиликтүү болот.