> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/bishkiektie-42-miektiepkie-koshumcha-okuu-korpusu-kuruluuda/
- Published: 2026-03-09T12:29:29.000Z
- Updated: 2026-03-09T12:29:28.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.**

Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп жатат.

> Учурда объектте жер казуу иштери толук аяктап, курулуштун кийинки этабы башталуу алдында турат. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштерин Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулуп жатат.