> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/bishkiektie-abany-bulghaghan-unaalargha-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-03-09T12:58:32.000Z
- Updated: 2026-03-09T12:58:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду.

> Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 234-беренеси менен эки протокол түзүлдү. Айып пулдун жалпы суммасы 15 миң сомду түздү.

Экологдор абанын сапатын жакшыртуу максатында мындай текшерүүлөр Бишкек шаарында туруктуу негизде өткөрүлүп турарын эскертет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-9.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-26.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-7.webp)