> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл "Жашыл мурастын" алкагында 9 млн көчөт отургузуу пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/byiyl-zhashyl-murastyn-alkaghynda-9-mln-kochot-oturghuzuu-plandaluuda/
- Published: 2026-03-09T10:58:36.000Z
- Updated: 2026-03-09T10:58:35.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Жашыл мурас" улуттук кампаниясынын алкагында республика боюнча 3 250 гектардан ашуун аянтка 3 миллион 820 миңден ашуун көчөт отургузулду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникаклык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Жергиликтүү мамлекеттик органдардын маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 3 250,648 гектар жерге 3 820 663 түп көчөт отургузулган. Отургузулган көчөттөрдү сугаруу жана коргоо иштери өз убагында жүргүзүлүп жатат.

> 2025-жылы республика боюнча мамлекеттик органдар тарабынан жалпысынан 8 миллион 239 миң 915 даана бак-дарактын көчөтү отургузулган. Алар 6 420 гектар аянтка жайгаштырылып, көчөттөрдүн өсүп кетүү көрсөткүчү 74,5%ды түзгөн.

Отургузулган көчөттөрдүн катарына терек, каражыгач, кайың, эмен, жаңгак, мисте, бадам, алма, өрүк, Тянь-Шань карагайы, кызыл карагай, арча, тыт жана башка дарактардын түрлөрү кирет.

> Ал эми 2026-жылы өлкө боюнча 9 миллион даана бак-дарактын көчөтүн отургузуу пландалууда.