> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эт өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн фермерлерге 3% менен насыя берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/et-ondurushun-onukturuu-uchun-fiermierlierghie-3-mienien-nasyia-bieriliet/
- Published: 2026-03-09T04:44:31.000Z
- Updated: 2026-03-09T04:44:31.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Чүй облусунда жана Бишкек шаарында эт кластерин өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.** 

Долбоор малды семиртүүдөн тартып, кайра иштетүү жана сатууга чейинки толук чынжырды камтыйт. Фермерлерге жылдык 3% менен 60 айга чейин (12 ай жеңилдик мөөнөтү менен) жеңилдетилген насыя берилет.

> Жалпы каржылоо көлөмү 1,5 млрд сомду түзөт. Насыялар Айыл Банк жана Элдик Банк аркылуу берилет.

Кошумча маалымат алуу үчүн: +996 708 320 820