> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанга 7,6 тонна курма мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюлду
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/kyrghyzstangha-7-6-tonna-kurma-myizamsyz-alyp-kiruugho-boghot-koiuldu/
- Published: 2026-03-09T06:15:05.000Z
- Updated: 2026-03-09T06:15:04.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөгө кургатылган жемиштердин ири партиясынын мыйзамсыз алып кирүүгө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Салывк кызматынан билдиришти.** 

> Рейддик салык көзөмөлүнүн жүрүшүндө Казакстан Республикасынан келген жүк ташуучу унаалардын бирин текшерүү учурунда эсепке алынбаган товарлар — жалпы салмагы 7 миң 600 кг болгон курма жемиши аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Салык кызматынын кызматкерлери тиешелүү актыларды түзүштү. Чогултулган материалдардын негизинде камералдык салыктык текшерүүлөр жүргүзүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-26.jpeg)