> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өткөн жылы экологияны булгагандардан 973 млн сом өндүрүлгөн
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/otkon-zhyly-ekologhiiany-bulghaghandardan-973-mln-som-ondurulghon/
- Published: 2026-03-09T07:02:02.000Z
- Updated: 2026-03-09T07:02:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**2025-жылы курчап турган чөйрөнү булгагандардан 973 млн 350 миң сом каражат жыйналды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.**

Анын айтымында, каражаттарды жыйноо планы 199,8%га аткарылып, белгиленген көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп каражат түшкөн.

Топтолгон каражаттар министрликтин атайын эсебине которулуп, материалдык-техникалык базаны чыңдоого багытталган. Анын алкагында Бишкек, Чолпон-Ата жана Талас шаарларындагы административдик имараттар оңдоп-түзөөдөн өттү.

> Ошондой эле Ысык-Көлдө жаныбарларды реабилитациялоо борборунун курулушу башталып, министрлик үчүн 38 кызматтык унаа жана 4 моторлуу кайык сатып алынган.

Мындан тышкары, браконьерликке жана экологиялык мыйзам бузууларга каршы күрөштү күчөтүү максатында фототузактар, дрондор, видеофиксаторлор, кесипкөй дүрбүлөр, GPS-навигаторлор жана башка керектүү техникалар алынган.