> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Сокулукта 750 орундуу жаңы мектептин корпусу курулуп жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/sokulukta-750-orunduu-zhany-miektieptin-korpusu-kurulup-zhatat/
- Published: 2026-03-09T07:34:18.000Z
- Updated: 2026-03-09T07:34:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**7-8-март күндөрү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен бирге Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.**

Алардын бири Сокулук районуна караштуу Кашка-Баш айылындагы №84 мектепке курулуп жаткан 750 орундуу жаңы окуу корпусу. Башкы планга ылайык, мектеп 3 кабаттуу имарат болуп курулуп, 1500 окуучуну кабыл алууга ылайыкталган. Учурда курулуш иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

> Министр объектти кыдыруу учурунда курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана иштерди белгиленген графиктен кечиктирбөөнү талап кылды.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, 2026-жылы Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулууда. Курулуш иштерине каражат республикалык бюджеттен бөлүнүп, долбоорлор Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-56.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-23.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-35.jpeg)