> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 167 млн сомдук жер тилкелери мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/03/09/ysyk-koldo-167-mln-somduk-zhier-tilkielieri-mamliekietkie-kaitaryldy/
- Published: 2026-03-09T11:28:56.000Z
- Updated: 2026-03-09T11:28:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ысык-Көл облусунда прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз берилген 4,26 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.** 

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук прокуратурасы жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча Ж.Абдрахманов айыл өкмөтүндө жана Чолпон-Ата шаарынын мэриясында текшерүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 1997–2004-жылдары мыйзам талаптарын бузуу менен бир катар жер тилкелери жеке тараптарга берилгендиги аныкталган.

> Атап айтканда, Чолпон-Ата шаарынын мэриясына тиешелүү 0,08 гектар жер тилкеси, Ананьево айыл аймагында жайгашкан муниципалдык автовокзалга тиешелүү 139,4 чарчы метр курулуш объектиси жана 0,16 гектар жер, ошондой эле Чолпон-Атадагы SOS балдар айылы коомдук фондунун менчигине берилген айыл чарба багытындагы “сугат айдоо” категориясына кирген 4 гектар жер аянты мыйзам бузуу менен жеке тараптарга өткөрүлүп кеткен.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында жалпы баасы 167 млн 568 миң сомду түзгөн 4,26 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-36.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-27.jpeg)